Кызыл-Кыя шаарында 59 жаштагы тургундан 6 даана “гашиш” баңгизаты табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, облустук милициянын бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына түшкөн ыкчам маалыматтардын негизинде кылмыш иши козголуп, Кызыл-Кыя шаарынын 59 жаштагы С.К. аттуу тургунун тинтүү учурунда, анын жанынан 6 даана өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү бангизатына окшогон зат табылып алынган.
Алынган затка тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусунда аз өлчөмдөгү “гашиш” наркотикалык зат экендиги аныкталган.
Учурда тергөө иштери уланып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Автор: Сабира Бакирбек кызы