Кадамжайдын 32 жаштагы тургунунун унаасынан «Лирика», «Зардекс» аталышындагы капсула сыяктуу заттар табылды. Ал наркотикалык дарыларды ташууга шектелип жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы кабарлады.
Маалыматка караганда, шектүүнүн унаасынан алынган “Зардекс” дарысынын жалпы даанасы 2700 кутуча, ал эми “Лирика” дарысынын жалпы даанасы 400 кутуча экендиги такталып, аларга тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Бул факты КБРне бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдардын контрабандасы беренеси менен катталып, сотко чейин өндүрүш иши башталды.