Баткенде “Көшөгө” аталышындагы фестиваль өттү

0
1227

Бүгүн, 25-декабрда Баткен мамлекеттик университетинин “Айгүл Тоо” тарыхый-маданий комплексинин алдында “Көшөгө” фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, фестиваль кыргыз кол өнөрчүлүгүн, саймачылык, тикмечилик, токуучулук багытында  жаштарга жайылтуу, коомчулукка көрсөтүү максатында уюштурулду. 

Иш-чарага БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту, А.А.Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институттары катышып, 15-16-кылымга таандык көшөгө, сайма, туш кийиз, жаздык, курак, дастармол, шыптык, жүз арчы жана башка кол өнөрчүлүккө байланышкан эмгектер көргөзмөгө коюлду. – деп жазылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here