Лейлек районунун аймагындагы диний ырым-жырымдарды колдонууда мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтерди сактабай, жашы жете электерге нике кыйып жүргөн 63 жаштагы молдо аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган жаран, октябрь айында жашы жете элек өспүрүмгө нике кыйган. Мындан сырткары, район аймагында жыл ичинде башка молдорлор тарабынан да жашы 18ге толо элек өспүрүмдөргө нике кыйган эки факты аныкталды.
Бул факты Лейлек РИИБдин КБРне кылмыш жаза кодексинин 175-беренеси (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен катталып, сотко чейин өнүдүрүш иши башталган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.