Кызыл-Кыя шаардык милициясы жана ӨКМ кызматкерлери жаңы жылга карата базарларда түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө базардагы соодагерлерге пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынганы эскертилди. Ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө, алдамчылыктан сак болуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.