Кадамжай районунун Күлдү айылында турак жайдан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, кырсык Досматов көчөсүндө катталган. Анын кесепетинен үйдүн 120 чарчы метр 3 бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен.
Учурда өртүн себеби такталууда деп айтылат маалыматта.