Кечээ, 18-декабрь күнү Кадамжай районунун Ак Турпак айыл аймагындагы кирпич чыгаруучу заводдон белгисиз жаранды жансыз денеси табылды. Аны өлтүрүүгө шектүү катары чет өлкөнүн 38 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.
Кадамжай райондук милициясы кылмышка шектүүнүн жургөн жерин аныктап, аны Сузак районунан кармап келишти. Милиция оор кылмыштын бетинин ачылышына “Сузак» чек ара бөлүгүнүн өздүк курамы жардам көрсөткөнүн кошумчалады.
Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.