Баткенде адам өлтүрүү фактысы катталды

0
2789

Кечээ, 13-декабрь күнү Баткен шаарынын Базар-Башы аймагынын 46 жаштагы тургунуна бычак сайюуга шектелип шаардын 40 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

Маалыматка караганда окуя 13-декабрь күнү таңкы саат 06:55 чамасында  орун алган. Жабырлануучу 46 жаштагы тургун ооруканага жеткирилип, алган жараатынан улам каза болгон.

Бул факты боюнча кылмыш жаза кодексинин адам өлтүрүү менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here