Баткенде ойчул Молдо Нияздын эстелиги ачылды

0
719

Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгачкы агартуучу, кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу Молдо Нияз Эрназар уулунун эстелигин ачууга облуста жумушчу сапары менен жүргөн президент Садыр Жапаров катышты.

Ошондой эле Молдо Нияздын 200 жылдык мааракеси өзүнүн кичи мекени Кадамжай районунда белгиленип жатат. Мааракенин катышуучулары Молдо Нияз Эрназар уулунун эстелигине гүл чамбарларды коюп, куран окушту.

Андан соң район борборуна бийиктиги 22 метр болгон мамлекеттик туу көтөрүлдү.

Бул күнү Молдо Нияз Эрназар уулунун реконструкциядан өткөн мектеп үңкүрүнүн да ачылуу аземи болду. Бул жайга Кадамжай райондук өнүктүрүү фондунан 3 миллион сом, Көтөрмө айыл өкмөтүнөн 900 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here