Баткенде Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркация маселесин талкуулады

0
1521

Бүгүн 12-декабрь күнү Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда узап бараткан жылда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык-укуктук жумушчу топторунун аткарган иштеринин жыйынтыгы талкууланды.

“Калган аймактарда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясын баяндап жазууну аяктоо боюнча ишти активдештирүүгө конкреттүү тапшырмаларды беришти”, — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун 29-ноябрдан 5-декабрга чейин Тажикстандын Бустон шаарында өткөн жолугушуусунда чек аранын дагы 24 чакырымы такталганы айтылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here