Бүгүн, 11-декабрда Президент Садыр Жапаров Баткенге иш сапары менен келди. Өлкө башчынын иш сапары 11-12-декабрь күндөрү облустагы бир катар жаңы объекттердин ачылышына катышат.
Ошондой эле иш сапардын алкагында аймактагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.
Мамлекет башчысы Ак-Сай айылындагы жаңы курулган Бусурманкул Ходжаев атындагы мектептин ачылышына катышты. Ошондой эле башка бир топ социалдык объектилерди ачылыштары менен куттуктады.