Баткенде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тегерек стол өттү

0
523

Баткен облусунун күч түзүмдөрүнүн аскер кызматкерлери катышкан, коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган тегерек стол өткөрүлдү. 

Тегерек стол Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы  тарабынан коомдо коррупциялык жүрүм-турумга карата келишпестикти калыптандыруу, коррупцияга каршы аракеттенүү мыйзамдарын жаштарга жеткирүү, бул багытта жүргүзүлгөн жумуштарды коомчулукка жайылтуу максатында өткөрүлгөн.

Иш-чарада алгач коррупцияга каршы аракеттенүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар жана бул багытта кайсы мамлекеттик органдар күрөшөрү тууралуу маалымат берилди. Андан соң жемкорлуктун алдын алуу боюнча күч түзүмдөрүндө кандай иш-чаралар алып барылып жаткандыгы талкууга алынды. 

9-декабрь — коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул дата 2004-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында дүйнөнүн 95 өлкөсүнүн лидерлеринин катышуусунда өткөрүлүп, макулдашууга кол коюлган. Макулдашууда адал акчаны арамдоо, пара берүү өңдүү мыйзам бузууларга бөгөт коюу жолдору каралган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here