Кызыл-Кыяда уурулукка шектелип ноокаттык эки тургун кармалды

0
1169

Бул тууралуу Салам Медиага облустук милициянын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Маалыматка караганда,  Кызыл-Кыя шаарындагы темир сатуучу, курулуш буюмдарын сатуучу жана дары каналынын сатуучурары, ноябрь айынын аяк чендеринен баштап, түн ичинде кулпусун бузуп кирип, кассасында турган акчаларын белгисиз жарандар тарабынан уурдалып жаткандыгын билдирип, арыз менен кайрылышкан.

Натыйжада, ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучулар га жалпы 138 миң 600 сомдон ашуун зыян келтирилген. 

Бул факты боюнча кылмыш жаза кодексинин Уурулук беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, бул кылмышка шектүү катары Ош облусунун Ноокат районунун 24жаштагы тургуну жана анын кылмыштуу шериги 18 жаштагы жаран Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып, кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here