Милиция майыптыгы бар жаранды уруп жаткан видеого түшүндүрмө берди

0
1702

Баткен облустук милициясы, социалдык тармактарда тараган, майыптыгы бар жаранды белгисиз жаран уруп жаткан видео боюнча маалымат берди. 

Маалыматта, аталган видео 2021-жылы тартылгандыгы, майып жаранды урган адам, ошол кездеги Кадамжай писихоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде санитар болуп эмгектенгени, ал майыптыгы бар жаранды, ооруканадан качып кеткени үчүн, коркутуу максатында опузалаганы айтылат.

Ошондой эле социалдык тармактарда тараган видео, Кадамжай писихоневрологиялык социалдык стационардык мекеме кызматкерлеринин ички өз ара келишпестиктин айынан аталган видео тасма 2023-жылдын 6-декабрында тарагандыгы маалым болду.

Ал эми майыптыгы бар 32 жаштагы оорулууга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Видеодо майып жаранга күч колдонгон кишиге юридикалык баа берилет.

Бул факты боюнча учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here