Кадамжайда жана Кызыл-Кыяда милицияларга салык кызматы ККМ аппараты тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү

0
1020

Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБдин жыйындар өтүлүүчү залында райондук салык кызматынын өкүлдөрү бөлүмдүн өздүк курамына ККМ аппараттарынын колдонуу тартибин жана жарандарга түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүү багытында түшүндүрмөлөрдү берди.

Ошондой эле, Кызыл-Кыя шаарында салык кызматынын кызматкерлери  учурда маселе болуп жаткан кассалык көзөмөл машиналарды колдонуулардын артыкчылыктары тууралуу түшүндүрүү иштерин өткөрдү. Анткени Кызыл-Кыя шаарындагы ири соода борборлорунун, “Таштемир ажы” базарындагы дүкөндөрдүн ээлери менен салык саясатын түшүндүрүүдө милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн орду чоң экени баса белгиленди.

Өздүк курамга салык кызматкерлери тарабынан жасалган видео тасма коюлуп, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү салык кызматкерлери менен биргеликте соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүүсү боюнча тапшырмалар колго алынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here