Баткен шаарындагы мектептер 12- январдан баштап реалдуу окуу режимине өтөт

0
745

Баткен шаарындагы мектептер 12- январдан баштап реалдуу окуу режимине өтөт. Бул тууралуу Баткен шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Абдилла Ахматбеков билдирди.

“Бүгүнкү күндөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, бардык санитардык нормаларды сактоо менен жүргүзүлөт. 1-класстан баштап 11-класска чейинки бардык окуучулар эми мектептен билим алат. Сабактардын баары күндөлүк план боюнча өткөрүлөт. Буга облустук санитардык эпидемиологиялык борбордун корутундусунун негизинде мектептерди ачууга уруксат берилди” деп кошумчалады А. Ахматбеков

Эске сала кетсек,пандемияга байланыштуу өткөн жылдын март айында билим берүү мекемелери аралыктан окутууга өтүшкөн. 2020-жылдын 11-ноябрында 1 – 9 – 11- класстагы окуучулар реалдуу режимде окууну баштаган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here