Буга чейин Баткен шаарына жакын жерде атайын муз тебүүчү аянтча болгон эмес. Себеби көп жылдан бери Баткенге кар калың жаай элек. Быйылкы жылы жаңы жыл алдында Баткенге кар жаап, Кара-Булак айылынын жаштары айылга жакын жайгашкан Козулан тоонун этегине атайын жылгаяк тебе турган аянтча ачышкан.Калганын видеодон көрүңүз.