Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамы кайра ишин баштайт

0
524

Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамы  ишке кирет. Каттамды «Тез Жет» авиакомпаниясы 2021-жылдын 18-январынан тарта, Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамын жүргүзөт. Маалыматты Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Мындан ары, жуманын ар дүйшөмбү күнү, Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамы учат. Бишкек-Исфана авиакаттамы саат 11:00дө,ал эми Исфана-Бишкек авиакаттамы саат 13:05де учат. Билет баасы 3700сомдон 4200сомго чейин. Учуп-конуу тилкесинин жалпы узундугу 1 735 метр, ал эми туурасы 35 метрди түзөт.

Ички каттамдарга ылайыкташкан «Исфана» аэропортун реконструкциялоо иштери 2019-жылы башталып, 2020-жылдын июль айында аяктаган.

«Исфана» аэропорту СССР убагында, 1974-жылы пайдаланууга берилген. 1980-жылы техникалык маселелерге байланыштуу жабылган. Аэропортто акыркы жолу капиталдык оңдоо иштери 2007-жылы жүргүзүлүп, күндүзгү ички каттамдар үчүн кайра иштей баштаган эле.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here