УКМК Баткендин Арка айылында дээрлик 2 млн сомдук аткезчилик жүктү аныктады 

0
384

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Баткендин Арка айылында дээрлик 2 млн сомдук аткезчилик жүктү аныктады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, 16-ноябрда Лейлек районунун Арка айылындагы кампада 870 миң сомдон ашык суммадагы кондитердик азыктар түрүндөгү контрабандалык жүктү “Хундай Портер” үлгүсүндөгү чет элдик мамлекеттик номерлүү унаага жүктөп жаткан 31 жаштагы  жаран кармалган.

Ошондой эле 21-ноябрда Лейлек районунун Арка айылында жергиликтүү тургундун үйүнөн чет элдик мамлекеттик номерлүү “Мерседес-Бенц Спринтер” унаасы  1 млн сомдон ашык керектелчу товарлар түрүндөгү аткезчилик жүк менен кармалган

Жогорудагы фактылардын негизинде козголгон кылмыш иштеринин алкагында УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК аткезчилик аракеттерди жасаган жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here