Баткен облусуна караштуу маданий мекемелерде оңдоо иштери жүрүп жатат 

0
375

Баткен облусуна караштуу Лейлек, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларында маданий мекемелерди оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Ремонт иштерине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен каражат бөлүнгөн.

Министрликтен  билдиришкендей, Лейлек райондук маданият үйүнө 4 млн 32 миң 787 сом бөлүнүп, маданият үйүнүн эшик, терезелери алмаштырылып, жылытуу системасы оңдолууда. Азыркы тапта жумуштун 60%  бүтүп калды.

Кадамжай райондук маданият бөлүмүнө 200 миң сом акча каралып, каражат айылдык маданият үйлөрүнө жана айылдык,китепкана филиалдарына бөлүнүп берилип, керектүү оңдоп-түзөөлөр жүргүзүлүүдө. Ремонт иштери жергиликтүү бюджет эсебинен да каржыланган

Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмүнө 174 миң 966 сом бөлүнүп, эки даараткана  салынган

Борборлоштурулган китепкана тармагына 63 миң 391 сом акча каражаты бөлүнүп, айрым бөлмөлөр ремонттолуп, чатырлары алмашып, четтерине суу тосуучу ноолор коюлган

Ошондой эле Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнө 443 миң 700 сом бөлүнүп Бул каражатка маданият сарайынын эшиктери, полдору жаңыланган Китепкана, музей жана маданият сарайларынын ички жана сырткы көрүнүшү калыбына келтирилген Буга чейин суу жоктугуна байланыштуу маданият сарайынын арткы жагына суу сактоочу жай курулду деп билдирет маданият министрлигинен.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here