Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагында мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасы өтүп жатат.
Маалым болгондой, ага жергиликтүү жетекчилер менен бирге кошуна Өзбекстандын Фергана облусунан келген жетекчилер катышууда. Майрамдык салтанат кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү менен башталып, маданият үйүндө расмий бөлүгү өтүп жатат. Аталган саамалыктын жүрүшүндө футбол жана күрөш боюнча мелдештер да уюштурулган.