Баткенде бир жумада 16 мас айдоочу аныкталды

0
611

Баткен облусунун аймагында акыркы жумада миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Салам Медиага Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, өткөн жумада мас абалында автоунаа башкарган 16 айдоочу, айдоочулук күбөлүгү жана автоунаага тийиштүү докумменттери жок авто унаа башкарган 12, кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан  ашырып айдаган 140 айдоочу аныкталып, башка ар кандай жол эрежелерин бузган 841 факты катталган.

Ал эми убактылуу токтотуучу айып короого 98 автоунаа токтотулган. 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү бардык  айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here