Милиция Кызыл-Кыяда окуучулардын коопсуздугун талкуулаган жыйын өткөрдү

0
272

Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйында 1-сентябрь билим күнүнө карата жаш балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө, зордук-зомбулуктарды болтурбоо темасындагы маселелер талкууланды.

Облустук милициядан кабарлашкандай,  үстүбүздөгү жылдын 8 айында жаш балдар арасында 18 кылмыш катталган.

Белгилей кетсек, Кызыл-Кыя шаар аймагында жалпысынан 13 мектеп, 5 жеке мектеп, 3 кесиптик жана атайын окуу жайы бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here