Облустук милициядан билдиришкендей, Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында үч айдоочуга жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн айып пул салынды.
Маалыматка ылайык, айыпка жыгылган айдоочуларга автоээнбаштык боюнча протокол толтурулса, дагы бир айдоочуга карама-каршы тилкеге чыккандыгы үчүн протоколдор толтурулуп айып пул салынды. Унаалар айып короого киргизилди.