Баткенде жол кырсыгы катталды. Кырсыктан жабыркагандар бар

0
2576

Сүрөт: Баткен ОИИБнын ЖКККБ

Кечээ 24-августта түшкү саат 14:30 дар чамасында Баткен шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө «Лексус-350» үлгүсүндөгү унаа менен бир багытта бара жаткан «Дэу-Нексия» унаа жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу облустук милициянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта, жол кырсыгына учураган унаалардын башкаруучулары 2004-2003- жылы туулган жарандар экени жазылган. 

Ошондой эле кырсыктын кесепетинен эки айдоочу жана бир жүргүнчү денесинен жаракат алып, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылган.

Учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here