Баткен облусунун аймагында 12 миңге чукул бала 1-класска каттодон өттү

0
242

Бул тууралуу билим берүу жана илим министрлиги билдирди.

Ага ылайык, министрлик Баткен облусунда балдарды 1- класска кабыл алууга 16 миң 835 квота бөлгөн. Министрликтин 16 августта тараткан маалыматына караганда, Баткен облусу боюнча электрондук каттоодон 11 миң 738 бала каттоодон өткөн. 

Ал эми өлкө боюнча 16-августка карата мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 123 миң 178 бала кабыл алынды. Бул көрсөткүч, бөлүнгөн квотанын 66,1% түзөт.

Мектепке электрондук каттоонун I этабы 2023-жылдын 10-апрелинен 26-июнуна чейин болсо, II этап 26-июндан 31-августка чейин жүргүзүлөт. 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here