Баткен облусунун аймагында кайрадан жарык өчөт

0
893

Эртең 11-августта Баткен облусунун  аймагында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр энергиясы өчөт. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Жарык, “Кызыл-Кыя -1” “Кызыл-Кыя-3” жана “Айгүл-Таш” көмөк чордонунда жүрүүчү кезектеги оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу саат 8:00 дөн 18:00 гө чейинки аралыкта өчөт. 

Электр энергиясы Кызыл-Кыя шаарында, Лейлек районунун бардык айыл-шаарларында, Сүлүктү шаарынын бардык кварталдарында Баткен районунун Дара, Кыштут, Кара-Булак, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Татыр, Аксай, Төрт-күл жана Суу-Башы айыл өкмөттөрүндө жана Баткен шаарынын Кызыл-Дөң, Чет-Булак, Базар-Башы, Булак-Башы, Тамаша жай, Келечек, МСО, Аеропорт жана СМУ кварталдарында үзгүтүккө учурайт – деп жазылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here