Маданият министрлиги кыргыз тилинде эфирге чыкпаган эки телеканалга айып пул салды

0
1490

Маданият министрлигинен билдиришкендей, министрлик жыл башынан бери 7 телеканалга текшерүү жүргүзгөн. Алар, “312 Музыка”, “НТС”, “Кью спорт”, “Бакайнур-Мега” , “Тумар ТВ”, “312 кино”, “312 ТВ” телеканалдары.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “312 КИНО” жана “312 ТВ” телеканалдарында “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамдын 8-беренесинин 2-пунктундагы “
Берүүнүн кеминде 50 пайызы мамлекеттик тилде, анын ичинде саат 7:00дөн тартып 10:00гө чейин жана 18:00дөн 23:00гө чейинки мезгилде мамлекеттик тилде жүргүзүлүүгө тийиш” – деген ченемдери сакталбагандыгы аныкталган.

Буга байланыштуу министрлик аталган  телеканалдарга айып пул салынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here