Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-августта Кадамжай районунун Абсамат айылында А.Масалиев атындагы орто мептептин жанындагы сайдагы сууга 2022-жылы туулган кичинекей кыз түшүп кеткен. Аны куткарууга 8 куткаруучу тартылган.
Учурда наристенин сөөгү, тез жардам кызматына өткөрүп берилди.