Жер талашып жездеси кайниси менен анын уулун атып алды

0
3743

Кадамжай районунун Чаувай айылында 49 жана 22 жаштагы жарандарды ок атуучу курал менен атып алган 60 жаштагы жаран кармалды. 49 жаштагы жаран  алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза тапты. Ал эми 22 жаштагы жаран Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилди. 

Аталган оорукананын башчысы Жыргалбек Кадыров Салам Медиага билдиргендей, 22 жаштагы жаранга операция жасалып, дарыгерлер ок тийген колун кесүүгө мажбур болушкан. Учурда жабырлануучунун абалы оор деп бааланууда.

Облустук милиция кабарлагандай, милиция жүргүзгөн ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран 49 жаштагы кайниси менен мурдатан эле жер талашып келгендиктен окуя болгон күнү сөз талашып, мас абалында өзү менен алып жүргөн сайсыз беш ок атуучу куралы менен кайнисинин сол тарап колуна атып, андан кийин анын жанында жүргөн  22 жаштагы баласынын оң жак желкесине атып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул факт боюнча кармалган жаранга кылмыш жаза кодексинин Адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Маркум 49 жаштагы жаранга соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here