Баткенде окуучулар үчүн өкүлдүн балаты майрамы онлайн өтөт

0
522

Ыйгарым укуктуу өкүл жаңы жыл майрамын утурлап, 110 балага белек жөнөтөт Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жыл сайын ыйгарым укуктуу өкүлдүн катышуусунда өтүүчү, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мектеп окуучулары үчүн “Балаты” жаңы жылдык майрамы, эпидемиологиялык абалга байланыштуу, быйыл онлайн форматында өтөт.

2020-жылдын 25-декабрында ыйгарым укуктуу өкүл Жаныбек Жалалов, балдарды онлайн форматта, теле аркылуу куттуктайт.

Майрамдын урматына, турмуш шарты оор, социалдык жактан колдоого муктаж жана окуунун мыктылары болгон 110 балага, өкүлдүн жаңы жылдык белектери жеткирилет.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругуна ылайык, акимдердин жана мэрлердин “Балаты- 2021” майрамы да онлайн форматта өткөрүлүп, жаңы жылдык белектер, балдардын даректерине жеткирилет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here