Баткен: Базардагы бааларды жөнгө салуу аракети көрүлдү

0
558

Базар бааларынын жогорулашынын себептери аныкталып, аны жөнгө салуу жагы белгиленди. Базар бааларына мониторинг жүргүзүү, баалардын жогорулашынын себептерин аныктоо жана аны турукташтыруу, наркты себепсиз жана кескин жогорулаткан сатуучулар аныкталса, тийиштүү чараларды көрүү боюнча Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасына ылайык, тийиштүү органдар тарабынан Баткен базарына рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.


Рейддин жүрүшүндө КР Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин облустук бөлүмүнүн, Экономика министрлигинин Баткен аймактык башкармалыгынын, Баткен шаардык мэриясынын, облустук ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү базар бааларына жайында көзөмөл жүргүзүштү.
Адистер малдын, эттин, мал азыктануучу жем, тоюттун, көмүр, ун, жумуртка, өсүмдүк майы сыяктуу бир катар турмуш тиричиликке зарыл жана маанилүү азык түлүктөрдүн бааларын текшерип, баанын жогорулоо себептерин аныкташты.
Адистер буга чейинки, базар бааларына жүргүзүлгөн анализдин жана бул жолку рейддин жыйынтыгы менен, базар бааларынын жогорулашынын себебин, инфляциянын негизинде жана дүйнөлүк кризис, пандемия, АКШ долларынын кунунун өсүүсүнө байланыштуу, биздин өлкөдө эле эмес, дүйнө мамлекеттеринде болуп жаткандыгы менен түшүндүрүштү.
Ошол эле учурда адистерин жүргүзгөн мониторигдин негизинде өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу, Баткенде эттин баасы 50 сомго арзан экенин, эки айдан бери баа туруктуу сакталып турганын белгилешти.
Белгилей кетсек рейддин жүрүшүндө сатуучулар малдын баасынын жогорулашын, жем жана тоюттун кымбаттоосу менен түшүндүрүшсө, ал эми малдын жем, тоюттары биздин аймакта өндүрүлбөй калганын, өзүбүздү камсыздай албагандыктан, сырттан ташылып келип жатканын айтышты. Мунун баары эттин кымбатташына алып келип жаткандыгын белгилешти.
Ал эми ун, өсүмдүк майы, кум шекер ж б азыктар сырттан импорттолгондуктан, дүйнөдөгү каатчылыктын, пандемиянын, инфляциянын таасири экендиги белгиленди.
Ошондой эле көмүргө болгон баа сапатына жараша 8 сомго чейин сатылып жатканы маалым болду. Белгилей кетсек жергиликтүү бийлик, эл тарабынан суроо талап жогору болгон көмүрдүн БР түрүн, 6 сом 50 тыйындан сатууну уюштурган.


Жүргүзүлгөн иш аракеттердин жыйынтыгы менен ыйгарым укуктуу өкүл Жаныбек Жалалов, баанын жогорулашынын негизги себеби, ун, өсүмдүк майы кум шекер сыяктуу азык түлүктөрдүн, жада калса мал азыктануучу жем, тоюттун башка мамлекеттен же башка аймактардан импорттолуп жаткандыгын белгилеп, эң маанилүү болгон азык түлүк продукцияларын өзүбүздө өндүрүү менен, ички муктаждыкты жеңилдетүү, азык түлүк коопсуздугунун алдын алууга максималдуу күч аракетти жумшоо зарыл экендигин белгиледи.
Ошондой эле 2021-жылдын түшүмү үчүн, кылкандуу дан эгиндерин, күн карама, жүгөрү жана тоют аянттарын көбөйтүү тапшырмасын коюп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here