Баткен шаарынын тургуну Мактым Кожонова табыла элек

0
503

2020-жылдын 23-ноябрь күнү, 20:30дар чамасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

Бүгүнкү күнгө  чейин издөө иштери жүрүп жатат. Тилекке каршы азырынча жыйынтык жок. Кызыл Жол кварталынын тургундары жана Кожонованын жакындары Облустук милиция кызматкерлери менен биргеликте издөө иштерин улантууда.

Бул факты Баткен шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан бирдиктүү реестрге «Дайынсыз жоголуу» беренеси менен катталганын Облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматынын инспектору Нурланбек Шайбек уулу кабарларды.

Бүгүнкү күндө облус аймагы жана кошуна өлкөлөрдөн да издөө иштери жүрүүдө. Урматтту көрөрман сиз да Мактым Кожонова тууралуу каднайдыр бир маалымат билсеңиз жакынкы милиция бөлүмүнө же жакындарына кабар берүүңүздөрдү суранабыз.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here