Баткен: Чек арадагы ынтымак

0
580

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери, чек ара маселелери баймай-бай көтөрүлүп келет. Айрыкча Баткен облусунда аныкталбаган чек ара тилкелери көп. Ошонун айынан Баткенде чек ара чыр чатактары бат баттан чыгып келет. Бул чыгарылышыбызда чек арадагы чыр чатактарга карабастан эки өлкөнүн элдери өз ара ынытмакта жашап жатканы тууралуу кеп кылабыз.

Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылынын тургундары айылга чектеш жайгашкан тажикстандын исфара районунун Мачаи айылынын тургундары менен ынтымакта жашап келишет. Тажик жарандары чек арадагы акыркы убактарда болгон чырларда да Кыргыз кошуналары менен мамилесин үзгөн эмес.

Жашоочулардын айтымында бул жерде кандай маареке болбосун дайыма карым катнашта болушарын, чек ара жаңжалдарында жаштарды ынытмакка чакырабыз дешет.

Бирок ынтымактуу кошуналар такталбаган чек аранын айынан, айылдын азыркы жаштардын мамилеси мурдагыдай жылуу эмес. Себеби жаз алдында суу, жол жана жердин артынан чыккан чатактар себеп болууда.

Тажик кошуналар менен жакшы мамиледе болсок аларга да бизге да жакшы дешет. Ал үчүн өкмөт чек арадагы делимитация жана демаркация иштерин эртереек бүткөрүүсү керек дешти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here