Баткен облусунда жыл башынан бери “РСК Банк” жана “Айыл Банк” тарабынан 615 ишкерге 6 жана 1пайыздык насыялар берилди. Бул тууралуу облусттук бийликтин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, насыя 508 ишкерге 6 пайыз менен берилсе, чек арадагы акыркы окуяда жабыркаган 107 ишкерге республикалык бюджеттен Финансы кредиттик фонду аркылуу 1 пайыздык жеңилдетүү менен берилди.
Ошондой эле сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу долбоору боюнча 5 фермер 2,5 млн сом насыя алган.