Кызыл-Кыяда алдамчылык менен айыпталган аял кармалды

0
1022

Кызыл-Кыяда уурдалган унааны сатып изин жашырып кеткен аял Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кармалган аял, уурдалган автоунааны 170 миң сомго саткан. Кийинчерээк милиция унаанын уурдалганын аныктаган соң, сатып алган жаран  унаа саткан аялдын үстүнөн милицияга арыз жазган. Аялга издөө жарыяланып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 

Аталган факт боюнча тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип кармалган 32 жаштагы аял мурда да уурулук беренеси менен сот жообуна тартылгандыгы аныкталды.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here