Абдикарим Алимбаев чек арадагы футбол ойногон аялдарга атайын бут кийимдерди белек кылды

0
679

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун эң алыскы Көк-Таш айылында футбол ойногон аялдарга атайын бут кийимдерди белек кылды. Бул тууралуу Салам Медиага аталган аялдар футболунун уюштуруучусу, кыз келиндердин укугун коргогон активист Газбүбү Бабаярова билдирди. 

Бабаярованын айтымында облус башчысы аялдардын футбол турнирине кызыктар экендигин билдирип, кечээ элет аялдарына 83 даана бут кийимдерди  жиберди.

Буга чейин аялдар, даярдык көрүүдө күнүмдүк бут кийимдер менен ойношконун айтып, облус башчыдан командаларга футбол ойноочу атайын бут кийимдерди алып берүүсүн сурашканын кошумчалады. 

Ошондой эле 28-июлда боло турчу аялдар футбол турнирине губернатордун катышуусу күтүлүүдө. 

Белгилей кетсек, аялдардын укугун коргоочу активист Газбүбү Бабаярова элет жеринде быйыл 3-жолу аялдар футбол турнирин өткөрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь