Кулундуда жаштар үчүн лингвистикалык борбор ачылды

0
527

Бүгүн 21-июлда Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Интернационал айылында жаштар үчүн лингвисттикалык борбор ачылды. 

Бул борбордо сабактар онлайн өтүлөт. Борбор коңшу өлкөлөр ортосундагы көп тараптуу трансчегаралык кызматташууга жана баарлашуга көмөктөшүүгө багытталып, толеранттуулукту жана өз ара түшүнүшүүнү колдоо жана радикалдашууну, зордукчул экстремизмди жоюу  максатын көздөйт.

Долбоор  Конрад Аденауэр атындагы Фонддун жетекчилигинде үч улуттук өнөктөштөр менен биргеликте жүзөөгө ашырылды. Алар “БИОМ” экологиялык кыймылы, “Юксалиш” жалпы улуттук кыймылы жана “Гендер  жана Өнүгүү”  коомдук уюму. 

Белгилей кетсек, бул долбоор Европалык Биримдик тарабынан каржыланып,  “Борбордук Азиядагы толеранттуулук жана тынчтык үчүн чек ара аралык көп тараптуу баарлашуу” долбоору тарабынан ишке ашырылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here