Октябрдан пенсия жогорулашы пландалууда

0
524

Социалдык фонд 2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн көтөрүүгө 3,9 млрд сом бөлүүгө даяр. Буга байланыштуу Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору 17-июлда коомдук талкууга коюлду.

Мекеме 1-октябрдан тартып пенсиянын 500 сомдон кем эмес жана 5 миң сомдон жогору эмес көбөйтүүнү сунуштап жатат.

Соцфонддон белгилешкендей, келерки индексациянын жыйынтыгы менен жалпы пенсиялардын орточо өлчөмү 9 413 сомго жетет, бул жогорулатууга чейинки пенсиянын орточо өлчөмүнөн 1728 сомго жогору болот.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here