Лейлектин айрым аймактарында 6 күн бою электр жарыгы өчүрүлөт

0
823

Лейлек районунун айыл аймактарында жана Сүлүктү шаарында 21-июлдан 26-июлга чейин электр энергиясы 8:00дөн 17:00гө чейин  өчүрүлөт. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришти. 

Маалыматка таянсак, электр жарыгы эл аралык  “CASA-1000” долбоору боюнча аба чубалгысынын курулуш жана монтаждоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу өчүрүлөт. 

Электр энергиясы Лейлек районун Кен-Талаа, Бешкент, Кулунду айыл аймактарында, Сүлүктү шаарынын Раззаков, Амираев, Отбасаров, Советская, Масалиев, Коммунальная, Товарная, Кызыл-Бел, Кароол-Кыштак көчөлөрүндө өчүрүлөт. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here