Сентябрдан мугалимдердин айлыгы жогорулашы мүмкүн

0
781

Быйыл сентябрдан тартып мектеп директорлорунун, окуу бөлүм башчыларынын айлык акыларын көтөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында билдирди.

Жапаров министрликтин коллегиясында, айлыкты көтөрүү менен билим берүүнүн сапатын көтөрүү маанилүү экенин айтып, бул жылы билим берүү тармагына казынадан  60,9 млрд. сом бөлүнгөнүн белгиледи. Бул былтыркыга салыштырмалуу 23 млрд. сомго көп.

Эске салсак, мугалимдердин айлык акысы былтыр 1-апрелден тартып 50-80% чейин көтөрүлгөн. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here