Бул тууралуу Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
Анда, 2022-2035-жылдары Баткен облусун өнүктүрүү долбоорунун алкагында Сүлүктү шаарына маданият борборун салуу үчүн 46 млн. сом бөлүнө турганы жазылган.
Болот Абдыжапаров: “Ушу жылдын аягына чейин, шаардык маданият бөлүмү, шаардык китепкана, шаардык музей жана искусство мектеби жаңы имаратка ээ болот.”- деп жазды.