Баткенде өткөн алты айда 21 175 жол эрежеси бузулган

0
420

Баткен облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү 2023-жылдын 6 ай аралыгында аткарган ишмердүүлүгүн жыйынтыктады.

Анда ушул жылдын 6 айында жол эрежелерин бузуу боюнча 21 175 укук бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулган.

Алардын ичинен:

Коопсуздук курун тагынбай автоунаа башкаруу — 9073;

Автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо — 400;

Мас абалында автоунаа башкаруу — 363 учур;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 973 автоунаа убактылуу айып короого токтотулган.

Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө жол кыймылынын кырсыктарын алдын алуу иштерин тынымсыз жүргүзүү, айдоочулар менен ар дайым жолугушууларды өткөрүп туруу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маселелер дагы каралып, жетекчилик тарабынан тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмалар коюлду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here