Баткен облусунда ажылык сапардан кайткандарга “Жардам көрсөтүү” пункттары уюштурулду

0
1107

Ажылык сапардан кайткандарды тосуп алуу, аларга керектүү жардамдарды жеринде көрсөтүү максатында “жардам көрсөтүү” жайлары уюштурулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ажылык сапардан келе жаткан жарандар аба ырайынын ысыктыгынан, узак жолдон, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж болуп калган учурда ”жардам көрсөтүү” пунктарына  кайрылса болот. Жарандарга атайын адистер тийиштүү медициналык жардамдарды акысыз көрсөтөт.

Облуста 4 “жардам көрсөтүү” жайы уюштурулуп, алар 13-14-июль күндөрү  иштейт:

  • Кызыл-Кыя шаарында Баткен облусуна кире бериште;
  • Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагынын кире беришинде;
  • Баткен районунун Чоң-Гара айылынын кире беришинде;
  • Лейлек районунун кире беришинде.

Белгилей кетсек, 18-июнда Баткен облусунан 700 жаран ажылык сапарга жөнөп кеткен. Ушул күндөрү алар Ош аэропорту аркылуу кайтып келишүүдө. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here