Кадамжай районунун Алга айыл аймагында сугат суу тартыштыгы жоюлат. Ага 8 млндон ашуун каражат сарпталат. Бул тууралуу райондук бийликтен кабарлашты.
Ага ылайык, аталган маселени чечүү үчүн айылга 4 даана скважина орнотулуп жатат. Эгерде бул иштер бүткөрүлсө, Алга айыл аймагындагы 8,5 миң жергиликтүүнүн суу маселеси чечилип, 750 га эгин талаасына суу жеткирилмекчи.