Лейлекте 200дөн ашык балага жардам берилди

0
327

Лейлек районунунда ата-энесинен эрте ажыраган 220 балага «Милосердие» кайрымдуулук фонду азык-түлүк жагынан  жардам көрсөтүп, оюн-зоок уюштурду. Бул тууралуу райондук бийликтин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, фонд тарабынан  үч кой курмандыкка чалынып, балдарга кайрымдуулук азык-оокат менен кошо таттуулар да берилген. Район боюнча алты айыл өкмөтүнөн келген балдар үчүн көрүлгөн мындай камкордук жыл сайын көрүлүп келет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here