Кадамжайда милиция сууга чөгүүнүн алдын алуу чараларын көрүүдө

0
398

Милиция Үч-Коргон айыл аймагындагы өспүрүмдөргө сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган аймактагы  чоң арык, көлмө жана дарыялардын жээктерине атайын эскертүүлөр илинип, кооптуу суулардын боюнда жашаган үй-бүлөлөргө күн ысыган мезгилде жаш балдарга көзөмөлдү күчөтүү эскертилди. 

Белгилей кетсек, ушул жылдын 6 ай ичинде Үч-Коргон айыл аймагында жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү боюнча бир учур катталып, каза болгон учурлар болгон эмес.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here