Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 17-июлда башталат

0
495

2023-2024-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 17-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди «Абитуриент онлайн» электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу тапшырат.

ЖОЖдорго кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт. I тур 17-июлдан 19-июлга чейин жүрсө, II тур 24-июлдан 26-июлга чейин жүрөт. Ал эми III тур 31-июлдан  2-августка чейин өтсө, IV тур 7-августтан 9-август саат 14:00гө чейин жүрмөкчү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here