Баткенде Өзбекстандын жараны аткезчилик фактысы менен кармалды

0
769

Баткенде 480 миң сомдон ашык суммадагы чарбалык товарларды контрабандалык жол менен алып өтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бажычылар өзбекстандык жарандын  башкаруусундагы «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унаанын жүк салуу бөлүгүн текшерүү учурунда Кыргызстандын ЕАЭБ бажы аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган эч кандай жүк коштоочу документтери жок ассортименттеги тиричилик товарларын аныктаган.

Товардын жалпы салмагы 4 тоннага жакын, орточо базар баасы 481 миң сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча материалдар бажы органынын бажылык териштирүү секторунда каралууда.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here