Баткенде 2 миллион сомдон ашык контрабандалык жүк кармалды

0
1073

«Баткен» бажысы кыргыз жаранынын башкаруусундагы  «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаанын жүк бөлүгүнөн бажы кароосунан өткөрүү учурунда, Кыргызстандын аймагына жүк ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган жүк коштоочу документтери жок айнек товарларын аныктады.

Маалыматка караганда, Кармалган жүк 15 тоннадан ашуун салмакты түзөт. Анын орточо базар баасы 2 млн сомдон  ашуун акча каражатын түзгөн.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here